Үч өлкөнүн аймагынан өтө турган темир жолду куруу боюнча транспорт жана коммуникация министрлеринин деңгээлинде Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан апрель айынын биринчи он күндүгүндө жыйын курат. Бүгүн өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун төрагалыгы астында өткөн жыйында темир жолдун курулушу бардык тараптан үчүн пайдалуу экени белгиленип, долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 миллиард доллардан ашуун каражат керек экендиги ачыкталды.Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)