Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Партиялардын жаш канатынын өнүгүшү өздөрүнөн көз каранды


Бүгүн “Кебел” жаштар кыймылы Кыргызстандагы саясий партиялар жана андагы жаштардын орду тууралуу талкуу уюштурду. Аталган кыймылдын мүчөсү Артур Букалаев бул жаатта жүргүзгөн иликтөөсүн сунуштады. Натыйжада партиялардын жаштар канаты маанилүү чечимдердин кабыл алынышына таасир эте албаганы, орду бош экени, бирок эгер өздөрү каалап, демилге көтөрсө абалды оңдой алаары маалым болгон. Иликтөөгө аздыр-көптүр жигердүү иштеген жети партия тартылып, жаш мүчөлөрү арасында сурамжылоо жүргөн. Кыргызстанда азыр каттоодон өткөн партиялардын саны жүздөн ашат. (EBM)

XS
SM
MD
LG