Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Эртеңден тарта “Мега-Комфорт” соода жайы көчүрүлөт


Бишкектеги курулуш товарлары сатылган “Мега-Комфорт” соода-базар комплекси “Баткен” базарына жайгаштырылат. Бул тууралуу мэрдин орун басары Андрей Филатов билдирди. Анын айтымында, соода жайдын ордун которуу тууралуу чечим 2008-жылдын кышында эле кабыл алынган. Бирок мэрия сатуучулардын өтүнүчүн эске алып мөөнөттү 1-апрелге чейин узарткан. Бишкектеги башкы архитектура “Мега-Комфорт” турган жер шаардын башкы планына туура келбесин, ошондуктан базардын ордун бошотуу керектигин билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG