Түп районундагы Михайловка айылына бөлүнгөн 690 миң сомдун кимге берилгенин ачыктоону талап кылып, эл райондогу “Айылбанктын” башчысына кайрылганда, ал мааламат берүүдөн баш тарткан. Акча алган кардарларды айтууга укугубуз жок,- деген банк башчысы Эмил Сарбагышев - Михайловка айылынан эле 1 млн. сомдон ашык арыз келгенин, бирок баарын камсыз кылуу мүмкүн эместигин түшундүрдү. Анткени айыл чарба тармагын жеңилдетүү үчүн Түп районуна жалпы 4 млн. сом гана насыя бөлүнгөн. Бирок Михайловкадагы демилгелүү топтогулар 12 пайыз менен келген насыяны 24 пайызга көтөрүп ийген банктын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, Бишкек-Каракол жолун тосууга камданып атат. Жергиликтүү бийлик жана банк кызматкерлери насыянын 12 жана 24 пайыздагы ченемдери боюнча мыйзамдык актылар далилденгенин айтып атышат. (RB)