Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Британия бүгүн ырасмий түрдө Ирактагы аскерлерин чыгара баштады


Ирактын түштүгүндөгү Басрада жайгашкан британ аскерий базасы эми АКШ күчтөрүнүн көзөмөлүнө өтүүдө. Өткөн жылы Ирак бийликтери менен түзүлгөн келишим боюнча ушул жылдын июль айына чейин Британиянын 4 миң 100 аскери өлкөдөн толук чыгарылышы керек. 2003-жылдын март айында АКШ аскерлери Иракка кирген кезде Британия анын негизги өнөктөшү болгон эле. Анда Иракка 46 миң чамалуу чет элдик жоокерлер киргизилип, алардын жүз сексени согуштук иш-чаралар учурунда набыт болгон.

XS
SM
MD
LG