Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:19

АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайланууну көздөйт


Бул тууралуу Мамлекеттик департамент билдирди. Мамлекеттик департаменттин айтымында, Вашингтон БУУнун Адам укуктары кеңешинен орунду быйыл алууну көздөйт жана бул Обама администрациясынын АКШнын дүйнө менен алака түзүүсүнүн жаңы доорунун алкагындагы аракети.
Мурдагы президент Жорж Буштун администрациясы учурунда АКШ Адам укуктары боюнча кеңештин ишине Израилди кайра –кайра сындаганынан жана Судан сыяктуу өлкөлөрдөгү адам укуктарынын тебеленишине баа бере албаганынан улам катышпай келген.
Адам укуктары боюнча кеңеш БУУнун иши натыйжасыз деп эсептелген Адам укуктары боюнча комиссиясынын ордуна 2006-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG