Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Бүгүн Ооганстан менен Пакистандын президенттери жолугат


Хамид Карзай менен Асиф Али Зардаринин эки коңшу өлкө ортосундагы тыгызыраак кызматташтыкты жана Талибанга каршы күрөштү талкуулоого арналган сүйлөшүүлөрү Анкарада, түрк президенти Абдулла Гүлдүн ортомчулугу астында өткөнү жатат.
Кабул Исламабадды Ооганстанга чек арадан ары-бери өтүп кол салып жаткан талиб согушкерлерине каршы жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн айыптап жүрөт. Ал эми 2002-жылдан бери Талибан менен күрөштө бир жарым миңдей жоокер жоготтук деп эсептеген Пакистан жогорудагыдай дооматар менен макул эмес.
Бул аралыкта кечээ Гаагада Ооганстан боюнча эл аралык конференция өттү. АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон конференцияда сүйлөгөн сөзүндө кыянатчылыкты жактабаган талиптер менен элдешүү идеясын колдоду.

XS
SM
MD
LG