Бул үчүн өкмөт башчы Игорь Чудинов башында турган Координациялык кеңеш чогулуп, макроэкономикалык кырдаалды талкууга алат. Бул тууралуу өкмөттүн мааылмат кызматынан кабарлашты. Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков салыктар өткөн жылга салыштырмалуу көп жыйналып жатканын билдирген. Ошондой эле инфляциянын көлөмү КМШ айдыңындагы өлкөлөр ичинен Кыргызстанда эң төмөн экени кабарланган.(AiT)