Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

“Ак жол” фракциясынын жыйыны өтүүдө


Фракциянын жыйынын күн тартибинде жети маселе бар. Алардын ичинен “Мамлекет тарабынан кепилденген минималдык социалдык стандарттар” жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкууда мамлекеттик тилге байланыштуу жаңжал чыкты. Эмгек жана социалдык коргоо министри Назгүш Ташбаева мыйзам долбоорун орус тилинде түшүндүрө баштаганда, депутат Бейшенбек Абдырасаков мамлекеттик тилде жооп берүүнү талап кылып, “маймылдар да жарым жылда велосипед тебүүнү үйрөнүп алат. Силер ошончо жоксуңарбы?”,- деген маселени койгон. Бул Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекованын кескин нааразылыгын пайда кылып, бир катар депутаттар Ташбаевадан кечирим суроону Абдырасаковдон талап кылышты. Бул маселени парламенттин этика жана регламент боюгча комитети карай турган болду. Фракция Назгүл Табаева сунуштаган долбоорду жактырып, аны парламенттин кароосуна алып чыгууну чечти.(AiT)

XS
SM
MD
LG