Бул тууралуу партиянын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бириккен Элдик Кыймыл президенттикке бирдиктүү талапкерди 15-апрелге чейин аныктайт. Мына ошондо аныкталган талапкерди Социал-демократиялык партия өз курултайында колдоп чыгышы күтүлүүдө. Өмүрбек Текебаевдин президенттикке ат салышуудан баш тартуусуна токтолгон Иса Өмүркулов, бул чечим чоң сый-урматка ээ болоорун айтуу менен, Өмүрбек Текебаевдин эми кимди колдоп чыгуусу маанилүү экенин белгиледи.(AiT)