Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Баткенде кургак учук менен ооругандар үчүн дарыга акча аз бөлүнүүдө


Бул тууралуу Баткен облус губеранторунун орун басары Иноват Ниматова облустук коллегия учурунда билдирди. Анын айтымында республикада кургак кучук менен дарыланып жаткандардын ар бирине күнүмдүк дары-дармеги үчүн 45 сом, ал эми тамак ашы үчүн бир күндө 56 сом берилиши керек болсо, бөлүнгөн бюджеттин базалык суммасы аз болгондуктан Баткенде ар бир бейтапка 24 сом 70 тыйын дары-дармекке, ал эми тамак ашы үчүн 43 сом сомдон туура келүүдө. Ошондой эле кургак учук орууканаларынын имараттарынын кээ бирлерине 30 жылдан бери оңдоп түзөтүү иштери жүргүзүлө элек. (JsA)

XS
SM
MD
LG