Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Майда чарбалар ирилешмейин азык-түлүк коопсуздугу чечилбейт


Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясы бүгүн "Айыл чарбасын өнүктүрүү” боюнча мыйзам долбоорун карады. Жыйында депутат Бейшенбек Акунов Майда чарбалар ирилешмейин өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу чечилбей турганын айтты. Ал Кыргызстан агрардык өлкө болгонуна карабай, азык-түлүктү сырттан сатып келүүнү улантып жатканын белгиледи. “Дыйкандар биригип гана азык-түлүк коопсуздугунан чыга алышат. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин негизги багыты ушул болушу керек”, - дейт Б. Акунов. Ал эми Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министринин орун басары Дыйканбек Кенжебаев биригүүгө бардык эле фермерлер макул эместигин белгиледи. “Майда, чакан иштери бар дыйкандар гана биригүү жолун колдошот. Чоң ишти алып барып жаткандар өз алдынча эле иштөөнү туура көрүшөт”, - дейт Д. Кенжебаев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG