Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Лондондо Обама менен Медведев жолугушту


Лондондо АКШ президенти Барак Обама жана Россиянын мамлекет башчысы Дмитрий Медведев алгачкы жолугушуу өткөрүштү. Эртең экөө тең Чоң жыйырманын саммитине катышмакчы. Жолугушуудан кийин эки лидер бирлегешкен билдирүү жасап, Стратегиялык куралды кыскартуу келишими соңуна чыкканча жаңы макулдашууга жетишүү нийетин айтышты. 1991-жылы түзүлгөн келишим ушул декабрдын башында соңуна чыгат. Анда ядролук арсеналды чектөө каралган. Президенттер ошондой эле Тегеранды БУУ менен кызматташшууга үндөштү. Медведев эки өлкөнүн алакаларына оптимизм менен карай турганын айтты. Обама болсо орус президентинин июлда Москвага келип кетүү чакыруусун кабыл алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG