АКШ президенти Барак Обама глобалдуу экономикалык кризисти жеңүү үчүн бардык өлкөлөр биргелешип иштөөгө тийиш деп билдирди. Лондондо Британ премьери Гордон Браун менен жолугушуудан кийин өткөргөн пресс-конференцияда Обама Вашингтон экономикалык өсүшкө дем берүү үчүн бар аракетин жумшайт деп ишендирди. Эртең Лондондо Чоң жыйырманын тобу экономикалык кризистен чыгуу жолдорун талкууламакчы.