Анда глобалдык экономикадагы кризистен кантип чыгуунун жолдору талкууланат.
Франциянын президенти Николя Саркози менен Германиянын канцлери Ангела Меркел саммитти утурлай каржы базарларына көзөмөлдү күчөтүү чакырыгы менен чыгышты.
АКШ президенти Барак Обама жыйынга келген өлкөлөр арасында экономиканы стимулдаштыруу менен жөнгө салуунун кайсынысы маанилүү экендиги боюнча олуттуу пикир-келишпестиктер бар деген жоромолдорду четке какты.
Британ премьери Гордон Браун дүйнө лидерлери экономиканы кайра жандандыруу жана реформалар боюнча глобалдык планды макулдаша аларына ишеним билдирди.
Лондондо болсо нааразылык акциялар бүгүн да улантылары күтүлүүдө. Полициянын айтымында, кечээги жүрүштөрдүн учурунда бир демонстрант мерт болду. Бир нече жүз демонстрант кечээ полиция менен кагылышып, Лондондун каржы борборунда банк имаратынын айнектерин талкалашкан.
Кабарларга караганда, Чоң жыйырманын өлкөлөрү кризиске каршы күрөшүү үчүн Эл аралык валюта кору аркылуу кошумча 750 миллиард долларга чейин каражат ажыратууга даярданууда.
Эл аралык валюта корунунун билдиргенине караганда, 2009-жыл глобалдык экономика Экинчи дүйнөлүк согуштан бери эң көпкө төмөндөгөн жыл болот жана 50 миллиондой адам жумушун жоготуусу мүмкүн.