Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Социал-демократтар президенттикке талапкерди курултайда тандашат


Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынан “Азаттыкка” маалымдашты. Маалыматка ылайык соц-дем партиясы президенттик шайлоого талапкерин 18-апрелде боло турган кезексиз курултайында аныктамакчы. Азырынча партиядан төрага Алмазбек Атамбаев менен фракция лидери Бакыт Бешимовдун аты аталууда. Бирок экөө тең буга байланыштуу сөзүн айтуудан карманып турушат.
Социал-демократтар партиясы оппозициялык БЭКтин курамына кирет. Буга чейин БЭК президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер көрсөтөрүн билдирген. Ошондой эле оппозициялык кыймыл өз курамындагы каалаган саясий партиялар, кыймылдар өзүнүн талапкерин көрсөтүүгө укугу бардыгын да маалымдаган. Буга чейин кыймылга мүчө болгон оппозициялык лидерлер Азимбек Бекназаров менен Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого баруудан баш тартышкандыгын расмий билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG