Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Азиза Абдурасулова: Бийлик менин туугандарымды иликтөө иштерин жүргүзүп жатат


Укук коргоочунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча анын Ноокен, Майлысуудагы ага-туугандарына өздөрүн Ноокен РИИБнүн кылмыш издөө башкармалыгынанбыз, деп тааныштырышкан белгисиз адамдар келип, Азиза Абдурасулованын качан келгенин, дагы качан келерин сурап-такташкан. Мындан тышкары укук коргоочунун туугандарын бала-чакаларынан өйдө сураштырып, маалымат жыйнап кетишкен. Азиза Абдурасулова муну өзүнүн коомдук ишмердигине байланыштырууда. Анын айтуусунда бийлик анын жарандык ишмердигине атайын бут тосуу иретинде анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн өйдө иликтеп, кандайдыр бир илинчек табууга аракет кылуусу мүмкүн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG