Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Тажикстан орусиялык телеканалды ободон алды


Тажикстан Орусиянын РТР –Планета телеканалынын берүүлөрүнүн өлкө аймагында таратылуусун караган келишимди кечээ токтотту. Тажикстандын Теле жана радио боюнча комитетинин төрагасы Асадулло Рахмоновдун билдиргенине караганда, Орусиянын мамлекеттик ВГТРК телекомпаниясы РТРдин берүүлөрүн Тажикстан аймагында көрсөтүлүүсү үчүн 2008-жылы топтологон 209 миң доллар карызын төлөөдөн баш тарткан. Тажик телерадиосунун башчысы орусиялык каналдын ободон алынуусунда эч кандай “саясат” жок экенин белгиледи. РТР – Тажикстан аймагында көрүүгө мүмкүн болгон акыркы орусиялык телеканал эле.

XS
SM
MD
LG