Бүгүн башталып жаткан саммит Рейн дарыясынын эки жээгинде: Германиянын Кел жана Франциянын Страсбург шаарларында өтөт. Жыйырма сегиз өлкөнүн лидерлери саммитте альянстын алдында турган көйгөйлөрдү талкуулайт. Алардын эң башкыларынын бири – Ооганстандагы миссия.
НАТОНун аскерий командалык структураларынан 1966-жылы чыгып кеткен Франция бул саммитте ага расмий түрдө кайра кошулат. Хорватия менен Албания уюмдун жаңы мүчөлөрү болушат. Саммитти утурлай Франциянын Страсбург шаарында кечээ нааразылык акциялар өтүп, НАТОго каршы жүздөгөн демонстранттар полиция менен кагылышты. Полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонду.