PISA (Programme For International Student Assessment) эл аралык иликтөөсүнө Кыргызстандагы эки жүзгө жакын мектептеринин он беш жаштагы окуучулары катышат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Мээрим Кадырованын “Азаттыкка” билдиришинче, иш-чара 6-16-апрель күндөрү өтөт. Жалпысынан бул эл аралык иликтөө үч багытта жүрөт. Биринчисинде балдардын тексти окуп түшүнүүсү текшерилет, экинчиси математикалык жөндөмдүүлүгү бааланат. Үчүнчүсүнө ылайык, так илимдер боюнча сыноо болот, дейт М. Кадырова. Быйыл бул иликтөөгө алтымыштан ашык өлкө катышып, он беш жаштагы окуучулардын берилген текстерди окуп түшүнүүсү иликтенмекчи. Кыргызстан алгачкы жолу мындай изилдөөгө 2006-жылы катышып, иликтөөгө тартылган 57 мамлекеттин ичинде эң акыркы орунду ээлеген. Анда окуучулардын так илимдер боюнча сабаты, аны турмушта колдоно билүү жөндөмдүүлүгү бааланган болчу. (EBM)