Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

“Асаба” партиясы президенттик шайлоого өзүнөн талапкер көрсөтпөйт


“Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы президенттик шайлоого талапкер көрсөтпөйт жана эч бир талапкерди колдобойт. Партиянын 2-апрелде болгон Ордо Кеңешинин жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. "Асаба" партиясы “Улуттун келечеги үчүн - таза шайлоо” деген ураан алдында гана шайлоого катышат, шайлоо комиссияларына мүчөлөрдү көрсөтөбүз, бирок эч бир талапкерди колдобойбуз, анткени шайлоо таза өтпөсүн билебиз,”-деп билдирди “Азаттыкка” аталган партиянын төрагасынын орун басары Жолдошбек Орозов.

“Асаба” партиясынын Ордо Кеңеши ошондой эле Азимбек Бекназаров менен Дөөлөтбек Нусуповду партиянын катарынан чыгарды. Жолдошбек Орозовдун айтымында, алар уставды системалуу түрдө бузуп келаткандыктан, көпчүлүк аларды партиядан чыгарууну талап кылышты: “Бир жылдын ичинде партия менен бир да сүйлөшүп койбостон, партия атынан өз билгендерин жасап жатышат”.

Аталган партия бир эле учурда Бириккен Элдик Кыймылдын катарынан дагы чыкты. Анткени “БЭКтин иш-аракеттери “Асаба” партиясы күткөн деңгээлде уюштурулбай жатат“,-деди Жолдошбек Орозов.

“Асабанын" Ордо Кеңешинин төрагасы Ормушев Асан дагы өзүнүн арызы боюнча бошотулуп, анын ордуна Дүйшеев Турат шайланды.

XS
SM
MD
LG