Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

Ооганстанда румын офицери набыт болду


АКШнын коргоо министрлиги билдиргендей, румын офицери бүгүн талип жоочулары менен болгон атышуу учурунда окко учкан. Маалыматка караганда, румын офицерине согушчандардын аткылоосуна туш болгон өнөктөштөрүнө жардамга келген маалда ок тийген. Оор жаракат алган офицерди тик учак менен ооруканага алып кетишип, бирок ал жолдо жан берген. Окуя Кабулдун түштүк тарабында 80 километрдей аралыкта болгон. Румыниянын Ооганстанда мыкты даярдыктан өткөн 950 аскери бар. Ушуну менен алар онунчу жоокеринен айрылышты.

XS
SM
MD
LG