Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:51

АКШ президенти «Чоң жыйырмалыктын» Лондондогу жолугушуусу дүйнөлүк кризисти тизгиндөөгө таяныч болоруна чоң үмүт билдирди


2-апрелде кечинде маалымат жыйынында сүйлөп жатып АКШ президенти Барак Обама дүйнөдөгү 20 кубаттуу мамлекеттердин лидерлери кризисти токтотуп, аны мындан ары болтурбоо жаатында толук бир пикирге келишкенин билдирди. «Чоң жыйырмалыктын» лидерлери дүйнөлүк экономикалык кризисти токтотуу үчүн 1 триллион 100 миллиард доллар каражат чыгарууга макул болушту. Анын 750 миллиарды Эл аралык валюта коруна, 250 миллиарды дүйнөлүк сооданы көтөрүү үчүн жана 100 миллиарды жакыр өлкөлөргө жардам берип жаткан эл аралык банктарга берилмекчи. Ошондой эле алар салыктан бошотулган офшордук аймактарды дыкат көзөмөлгө ала турган болушту.

XS
SM
MD
LG