Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

АКШ президенти НАТОдогу өнөктөштөрүнө Ооганстан боюнча долбоорун тааныштырат


АКШ президенти Барак Обама НАТОнун эки күндүк жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышуу үчүн Франциянын Страсбург шаарына келди. НАТО саммити учурунда Барак Обама НАТОдогу өнөктөштөрүнө Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын сунуштамакчы. Анын алдында Обама Франциянын президенти Николя Саркози менен жолугушту. Бүгүн НАТОго мүчө 28 мамлекеттин лидерлери Германиянын Баден-Баден шаарына да барышат. Ал жакта АКШ президенти Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушат. Аскерий ынтымак лидерлери аскердик ынтымак үчүн олуттуу бир катар маселелерди, анын ичинде НАТОнун Ооганстандагы болочок иш-чараларын талкуулашат.

XS
SM
MD
LG