Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Кыргызстан саясий жактан бейстабилдүү өлкөлөрдүн катарында


Мындай маалыматты эл аралык "Экономикалык иликтөө биримдиги" аттуу уюм "Саясий туруксуздуктун индекси" деген иликтөөсүнүн негизинде таратты. Анда Кыргызстан иликтөөгө алынган 165 мамлекеттин ичинен отуз үчүнчүдөн отуз сегизинчиге чейинки орун алган мамлекеттердин катарына кирип, эксперттердин саясий жактан туруксуздугу боюнча 7,1 баллга татыйт деген баасын алган. Эксперттердин баасы боюнча экономикалык көйгөйлөр 8 баллды, фундаменталдык кыйынчылыктар 6,3 баллды түзөт экен. КМШ мамлекеттеринин ичинен эң бейстабилдүү мамлекет Украина деп бааланып, Казакстан 126-орунду ээлеген. Ал эми дүйнө жүзүндөгү эң көп чатак болгон мамлекеттердин тизмесин Зимбабве, Чад жана Конго баштаган. "Экономикалык иликтөө биримдиги" уюму иликтөөсүн мамлекеттеги экономикалык жана саясий туруктуулукка негиз берген бала өлүмүнөн баштап ички дүң продукциянын киши башына бөлүнүшүнө чейинки көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзөт.(BD)

XS
SM
MD
LG