“Ак өргөө” жаңы конушунун жаштары бүгүн экологиялык акцияга чыгышты. БУУнун Ыктыярчылар программасынын "Жаштык" долбоорунун демилгесинде өтүп жаткан бул иш-чара алкагында жаңы конушту акыр-чикирден тазалоо иштери жүрүүдө. Жаштарга №-77 мектебинин окуучулары, жергиликтүү тургундар кол кабыш кылууда. (EK)