Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Президент К.Бакиев оппозиция менен жолугушууга даяр


Мамлекет башчы мындай пикирин журналисттерге бүгүн ишембилик учурунда билдирди.К.Бакиев мындан эки-үч жыл мурун оппозиция менен көчөдө митинг өткөрүп жаткан жеринен жолугуп, талаптарын угуп жүргөндүгүн, эми оппозиция жолугушууга келсе талаптарын көзмө-көз отуруп талкуулоого мезгил жеткендигин кошумчалады. Анын айтымында, буга мамлекеттик башкарууга эл ыраазы болуп, оппозициянын талаптарына негиз жок деп билдирип жатышкандыгы негиз берет.Ал эми оппозициянын Бирдиктүү элдик кыймылы бийлик менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпайт, президент өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн саясатына каршы көз караштагы адамдардын баарын куугунтуктап жатат деп диалогдун экинчи баскычынан өткөн айда баш тарткан.(BD)

XS
SM
MD
LG