Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Майлы-Суудагы электр лампа заводунун тагдыры арсар


Майлы-Суудагы электр лампа заводуна Каржы жана Экономикалык өнүгүү министрлиги биригип каржылык жардам көрсөтүү жолун табышы зарыл.Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарына караганда, мындай милдет кечээ биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов өткөргөн кеңешмеде коюлду. Быйыл заводго Орусиядан келчү жабдуулардын токтогонунан жана карыздарды төлөй аблай жаткандыгынан улам заводдун иши убактылуу токтоп калган. Социалдык фонд социалдык төлөмдөр боюнча карызынан улам заводду кудуретсиз табуу талабы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетке кайрылып, Жалал-Абад облусунун район аралык соту аны канааттандырган.Завод былтыр 13 миллиондон ашык лампочка чыгарып, анын 10 миллионун саткан. Бирок жалпы карызы 145 миллион сомдон ашып кеткен. (BD)

XS
SM
MD
LG