Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Азия Олимпиадалык кеңешинин президенти Кыргызстанга келет


6-7-апрель күндөрү Азия Олимпиадалык кеңешинин президенти Ахмад Аль Фахад Аль Сабах Кыргызстанга келет. Ал бул иш сапары маалында президент Курманбек Бакиев менен жолугуп, ага Азия Олимпиадалык кеңешинин орденин тапшыраары күтүлүүдө. Аль Сабах ошондой эле өкмөт башчы Игорь Чудинов менен да жолугушат. Анда өлкөдөгү олимпиадалык кыймылды жандантуу жаатында кызматташтык маселелери талкууланат. Кыргызстанга келчү он эки адамдан турган делегация “Ак-Кула” ат майданында улуттук спорт оюндарына күбө болот. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты. (EK)

XS
SM
MD
LG