Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:31

Асылбек Текебаев өзүнө ачылган кылмыш иши менен макул эмес


“Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абат облусундагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев каржы полициясы ачкан кылмыш ишти саясий буюртма жана кысым көрсөтүү деп баалады. Анын айтымында, Оштогу ага караштуу «8 сентябрь» кафеси көп жылдан бери иштебейт жана былтыр ижара акыга 30 миң сом акча төлөнгөн. “Кылмыш иштин 20-апрелге күтүлгөн митингге тоскоолдук кылуу ниетинде болгонун 31-апрелде ачылганы ырастап турат. Анткени мен ал митингге даярдык көрүү боюнча партиянын Жалал-Абат, Ош, Баткен аймактарына бекиген башчысы болчумун” -деп билдирди Асылбек Текебаев. Кечээ маалымат каражаттары Ош шаардык каржы полициясы Асылбек Текебаевге кылмыш иши ачылганы тууралуу билдиришкен. Анда кафени курууда Жер кодекси бузулганы жана ашкана жайгашкан парк менен келишим түзүлбөгөнү, А.Текебаев мамлекетке 84 миң сом төлөбөгөнү жазылган. (YA)

XS
SM
MD
LG