Чехиянын алдыңкы саясий партиялары премьер-министр Мирек Топаланек кызматтан кеткенден кийин убактылуу өкмөт түзүүнү макулдашты. Жаңы премьер-министрдин ордуна буга чейин эч бир партияга мүчө болбогон Ян Фишердин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Фишер – Чехиянын статистикалык башкармалыгынын жетекчиси. Жаңы министрлер кабинетинин негизги милдети – октябрдын башында өлкөнү мөөнөтүнөн эрте шайлоого даярдоо. Марттын соңунда Чехиянын парламенти Мирек Топаланектин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөй койгондон кийин өлкөдө саясий кризис пайда болгон. Чехия июндун аягына чейин Евробиримдикке төрагалык кылат.