Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:25

Молдовада парламенттик шайлоо өттү


Учурда добуштар саналууда. Шайлоо чөлкөмдөрүнөн чыккан добуш берүүчүлөрдү сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык Коммунисттер партиясы 45 пайыздан ашуун добушка ээ болуп, алдыга озуп чыкты. Мындай жыйынтык коммунисттерге парламентте көпчүлүк орунду ээлөөгө мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө. Сурамжылоолорго караганда 101 орундуу парламентке үч оппозициялык партиялар өтүүдө. Булар - Либералдык, Либерал-демократиялык партиялар жана “Биздин Молдова” альянсы. Молдованын Шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 60 пайызы катышканын билдирди. Оппозиция болсо Коммунисттер партиясын шайлоодо административдик ресурс колдонду деп айыптоодо.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG