Партиянын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин “Азатттыкка” билдирүүсү боюнча сот бүгүн түштөн кийин уланат. Анда мурдагыдай эле коюлган айыпка макул эместигимди билдирип, кечирим сурабайм, президенттин карикатурасын кеңсеге илип алган партия мүчөсү Хабира Мажиева өзү кечирим сураса каршылыгым жок,- деп билдирди Эркин Бөлөкбаев. Башкы прокуратура президенттин абийирине шек келтирген сүрөттөрдү партия кеңсесине илип алып, анын беделин түшүрдү деген кине менен “Жашылдар” партиясынын төрагасына жана мүчөлөрүнө каршы кылмыш ишин былтыр ачкан жана аны Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык эшик артында карап келет. Ал эми сүрөттү илип алган Хабира МАжиева былтыр Швециядан баш паанек сурап, былтыр Кыргызстандан качып кеткен.(BD)