Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Туризм агенттигинин өкүлдөрү көргөзмөгө кетишти


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашов билдирди. Анын айтымында Орусиянын Екатеринбург шаарында өтө турган “Жай-2009” жана Новосибирск шаарындагы “Турсиб-2009” аттуу көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана чет элдиктерге кызык маданияты тууралуу маалыматтар берилет. Көргөзмөдө агенттиктин өкүлдөрүнөн тышкары бир топ турфирмалардын өкүлдөрү катышып, аларга Орусияда иштеп жүргөн кыргыздардын диаспоралары көп жардам беришет. Өткөн жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн 2 миллион 348 миң турист келсе, анын 20%ын орусиялык жарандар түзгөн. Өткөн жылы туризмден жалпы жонунан түшкөн пайданын көлөмү 509 миллион долларды түзгөн.(BD)

XS
SM
MD
LG