Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Нарын шаарында калктын саны 6 миң адамга азайган


Нарын облусунда Эл жана турак-жайды каттоонун алгачкы жыйынтыгы чыгарылууда. 24-марттан 2-апрелге чейинки каттоо учурунда Нарын облусунан 259,9 миң адам каттоого алынды. Бул көрсөткүч 2008-жылдын май айындагы катталган калктын санынын 99 пайызын түзөт, же болбосо облус калкы 2,7 миң адамга азайган. Былтыркы май айындагы каттоого карата Ак-Талаа районунда калк саны быйыл 107 пайызга, Жумгал районунда 101 пайызга көбөйсө, Нарын шаарында көрсөткүч 85 пайызды түзгөн. Маселен былтыркы жылы май айында Нарын шаарында 41 миң 318 адам катталган болсо, быйылкы каттоодон 35 миң 286 миң адам эсепке алынган. Мындай маалыматтарды облустук статистика башкармасынын жетекчисинин орун басары Болот Токталиев «Азаттыкка» маалымдады. (KUs).

XS
SM
MD
LG