Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

“Ата Мекендин” Нарындагы жаш мүчөлөрү партия төрагасына колдоо көрсөтө башташты


Мындай маалыматты аталган партиянын Нарын облусу боюнча Жаштар канатынын координатору Эрлан Аскаров «Naryn.kg» маалымат борборунда билдирди. Анын айтымында, алдыдагы президенттик шайлоого негизги талапкер Өмүрбек Текебаевди колдоо үчүн акчалай жардам берүүгө атайын ачылган эсеп Нарында да иштей баштады. Бүгүндөн тартып Ө. Текебаевге президенттик талапкер үчүн күрөөгө коюучу акча каражатын чогултуп берүү үчүн иш-чаралар башталып, элдер партиянын кеңсесине жардамдарын беришүүдө «Текебаев шайлоого барыш керек, ага тиешелүү каражат чогулат деп ишенибиз»,- деп кошумчалады Аскаров. Өмүрбек Текебаев буга чейин президенттик шайлоого талапкерлигин коюдан баш тартканы белгилүү. (JI)

XS
SM
MD
LG