Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Кыргызстанда жыл сайын 5 миңдей адам кулчулукка сатылат


Ош шаарындагы «Голден Гол» коомдук бирикмесинин президенти Алишер Мамажанов дүйнөлүк эксперттердин маалыматына таянып, «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Кыргызстанда жыл сайын 5 миң чакты адам кулчулукка сатылат, алардын басымдуулугу түштүк облустарына таандык. Укук коргоочунун айтымында, эмгек мигранттары көбүнчө Орусияга жана Казакстанга кара жумушка, ал эми кыз-келиндер көбүнчө Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарына мыйзамсыз жөнөтүлүүдө.

Ош шаардык миграция комитетинин төрайымы Нурийла Жолдошева киши соодалагандарга жазаны күчөтмөйүнчө, ошондой эле калк арасында маалымат өнөктүгүн жандандырмайынча, кулчулук көйгөйү тыйылбайт, деген пикирин ачыктады. (ATo)

XS
SM
MD
LG