Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

АКШ Мамкатчысы Ооганстандын аялдар укугун чектеген мыйзамын сынга алды


Хиллари Клинтон жекшемби күнү “Азаттык жана Эркин Европа” радиосуна берген интервьюсунда ооганстандык угармандардын түшкөн суроого жооп берип жатып, өлкөдөгү шийит аялдардын укугун чектеген, талаштуу мыйзам жокко чыгарыларына үмүттөнөрүн билдирди. Ал буга “терең тынчызданаарын” кошумчалоо менен өз тынчыздануусун түздөн-түз ооган президенти Хамид Карзайга жолдоду.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын маалыматына караганда, Шийиттин жеке макамы деп аталган мыйзамга ылайык, ооганстандык шийит аялдар үйүнөн “жүйөлүү” максаттарсыз чыгууга укуксуз жана жубайынын уруксатсыз иштөөсүнө жана билим алуусуна тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG