Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Италиядагы зилзаладан токсондон ашуун киши каза тапты


Жер титирөө бүгүн таңга маал, Бишкек убактысы боюнча 8:30тарда өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү тоолуу Абруцци провинциясында, башкаала Римден 100 чакырымдай чыгыш тарапта болду. Куткаруучулардын билдиргенине караганда, андан кеминде 90дон ашуун киши каза тапты, жүздөгөндөрү жаракат алды. Курмандыктардын көпчүлүгү - Аквила деген шаардын тургундары. Аталган шаарда турак-үйлөр, тарыхый чиркөөлөр, башка имараттар урап калды. Ал эми жер титирөө болгон аймакта миңдеген имараттар олуттуу бузулду, ага катар миңдеген адамдар үй-жайсыз калды. Бул – Италияда акыркы отуз жылда орун алган эң күчтүү жер титирөө болду.

АКШнын Геологиялык кызматынынын билдиргенине караганда, зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 6,3 баллга жеткен. Италиянын Геофизика боюнча институту болсо жер титирөөнүн кубатын 5,8 балл деп баалады. Табигый кырсыктан соң Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони чукул абал жарыялап, өзү Орусияга белгиленген сапарын токтотту.

XS
SM
MD
LG