Коммунисттер президенттик шайлоого мамилесин 11-апрелдеги борбордук комитеттин пленумунда айтып, учурдагы саясий кырдаалга баа берет. Бул тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берип жатып партия лидери Искак Масалиев кабарлады. Ал эми партиянын күтүлүп жаткан курултайында шайлоого коммунисттер кайсы өңүттө катышаарын аныкташат. Коммунист-депутат Искак Масалиев ошондой эле оппозициядан бирдиктүү талапкер чыгаарына да, ага каражат табыларына да күмөнү барын билдирди. Өзүн конструктивдүү оппозицияда санаган Коммунисттер партиясы коомчулукта азыркы бийликтин саясатын жактаган саясий күч катары саналат. (BuS)