Орусиянын "Россия" телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн "Специальный корреспондент" көрсөтүүсүндө айтылган маалымат боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчилиги эч кандай маалымат бере албайт жана чындыкка коошпогон маалымат түшүндүрмө берүүгө арзыбайт. Мындай жоопту "Азаттыкка" элчиликтин коомчулук менен байланыш кызматкери Турат Макенбаев билдирди. "Манастагы" авиабазанын жетекчилиги да эч кандай түшүндүрмө бере албасын билдирди. Орусиялык журналист Аркадий Мамонтов аталган телепрограммасында АКШ "Манастагы" авиабазасын Орусия менен Кытайды аңдуу үчүн колдонуп жатат, анткени "Эшелон" деген радиоэлектрондук байланыш системасы радиоберүүлөрдү, телефон байланыштарды жана электрондук почта каттамын тыңшап турууга мүмкүнчүлүк берет деп кабарлаган. АКШнын Коргоо министрлиги мындай маалымат күлкү гана келтирет деп четке каккандыгын эл аралык "Рейтер" маалымат агенттиги жазып чыккан.(BD)