Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

АКШ менен Өзбекстан Ооганстанга жүк ташуу боюнча макулдашты


“Америка үнү” радиосунун кабарына караганда макулдашууга өткөн жума күнү кол коюлду. Ага ылайык Өзбекстан аркылуу Ооганстанга азык-түлүк, дары-дармек жана аскерий эмес жүктөр ташылат. Буга НАТО менен АКШнын Ооганстанга жүк ташуу үчүн жаңы жолдорду издегени себеп болду. Ал эми айрым маалымат каражаттары “Манас” авиабазасы боюнча Кыргызстан менен АКШнын ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалымат таратышты. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги АКШ менен Өзбекстандын ортосунда кол коюлган макулдашуу жана “Манас” авиабазасы боюнча сүйлөшүү тууралуу маалыматтары жок экендигин жана эч кандай түшүндүрмө бере албасын билдирди. “Манас” авиабазасынын өкүлдөрү да мурдагыдай эле режимде иштеп жатышкандыгын жана жаңы макулдашуулар тууралуу эч кандай маалымат бере алышпасын айтышты. (BD)

XS
SM
MD
LG