Сотто Аликбек Жекшенкулов тууралуу да сөз болуп, буга чейин Илияз Абдыкадыровго козголгон кылмыш ишинде А. Жекшенкулов жөнүндө бир дагы сөз айтылган да, жазылган да эмес деген маалыматты сот элге угузду. Аликбек Жекшенкуловдун куралы менен бул ишкер атылып жатат деген жаңы жагдайдын түзүлгөнүнө байланыштуу аталган иш кайра башынан баштап тергелсин деген чечимин сотту алып барган облустук соттун төрагасынын орунбасары Мирбек Кенжешов угузду. Илияз Абдыкадыров алгач түрк ишкери Четин Сербетти бычак менен сайды деген айып менен камакка алынса, 14 айдын бери Четин Сербет менен иштеген адамдын автоунаасын өрттөгөн деп шектүү катары кармалып, тергөө иши жүрүп, соттолуп отурат. Төө бурчак кабыл алып иштеп келген Четин Сербет 2007-жылы 9-декабрда түнкү саат үчтөр чамасында белгисиз кылмышкерлер тарабынан Талас шаарындагы 59-кварталдан атылган. (UA)