Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Райондук сот бүгүн президенттин беделине шек кетти деген арызды карайт


Биринчи май райондук соту бүгүн “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин үстүнөн берген Башкы прокуратуранын арызын кароону кайрадан жандандырат. Башкы прокуратура соттон президенттин беделине шек келтирген карикатураларды кеңсесине илди деп, бул үчүн саясатчыны кылмыш жообуна тартууну суроодо. Соттук териштирүү 10-январдан бери ар кандай себептер менен улам кийинкиге жылдырылып келатат. Арызды башкы прокуратура былтыр 13-декабрда партиянын кеңсесин текшерүүгө алгандан кийин берген.
Кечээ Бөлөкбаевди ИИМдин Коррупцияга каршы күрөш башкармалыгы чакырып, бирөөнүн автоунаасын күч менен тартып алгандыгы тууралуу арыз келип түшкөнүн маалымдады. Бөлөкбаев муну кезектеги саясий кысым деп билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG