Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

БЭКтен талапкер чыкпай калса Текебаев өз талапкердигин ойлонуп көрөт


Мындай оюн “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев таңкы түз ободо “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты. Саясатчынын көз карашында президенттик шайлоого бойкот жарыялоо аркылуу таза шайлоо үчүн күрөшүү Кыргызстанда өзүн актабайт. Ошондуктан БЭК бирдиктүү талапкер менен баруунун тактикалык жолдорун аныктап, аны 15-апрелден кийин жарыялоого кам көрүүдө.
Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого талапкер катары барбай тургандыгын 1-апрелде жарыялап, аны оппозициянын бирдиктүү ишмердүүлүгүнө таасир этүү кызыкчылыгы менен байланыштырган. Андан кийин бириккен оппозиция шайлоого бойкот жарыялоо жолун издеп жаткандыгы маалымдалган. (BuS)

XS
SM
MD
LG