Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Молдова полициясы президент, парламент имараттарын өз көзөмөлүнө алды


Парламенттик шайлоодо Коммунисттик партия көпчүлүк добушка ээ болду деген расмий маалыматка нааразы болгон демонстранттар кечээ президенттик жана парламенттик имаратка чабуул коюшкан. Кабарларга караганда, полиция менен кагылышканда болжол менен 100гө жакын адам жаракат алды. Молдованын президенти Владимир Воронин кечээ түнү сыналгыдан чыгып сүйлөп, Кишиневдогу нааразылык чараларын “мамлекеттик төңкөрүш” аракети катары айыптады. Оппозициялык Либералдар партиясынын, Либерал-демократиялык партия, “Биздин Молдова” альянсынын лидерлери өкмөттөн 5-апрелдеги шайлоонун бюллетендерин кайра санап чыгууну талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG