Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Акыйкатчы президент менен жолугушту


Акыйкатчы институтунан кабарлашкандай жолугушууда өлкөдөгү адам укугунун абалы, саясий кырдаал талкууга алынды. Мындан тышкары Акыйкатчы мурдагы мамлекеттик кызматкерлер –Исмаил Исаковго, Аликбек Жекшенкуловго жана Ишенбай Кадырбековго козголгон кылмыш иштери, тергөөнүн жүрүшү менен тааныштырды. Президент болсо Конституциянын кепили катары тартип коргоо органдары менен сот системасынын ишине кийлигишпей тургандыгын билдирди. Курманбек Бакиев ошондой эле бардыгы укуктук негизде, Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде чечилүүсү зарылдыгын белгиледи.
Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн ошондой эле өкмөт башчы Игорь Чудинов менен жолугушту. Анда адам укугу жаатындагы маанилүү маселелер тууралуу сөз болду. Турсунбек Акун премьер-министрге адам укугуна байланыштуу декларациянын 60 жылдык мааракесин өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазылыгын билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG