Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Алишер Саиповду өлтүрүүгө колдонулган тапанча табылды


Бир нече күн мурун Баткендик тургун Абдуфарид Расуловдун жанынан алынган Макаров тапанчасынан эки жарым жыл мурун журналист Алишер Саипов атылып өлтүрүлгөнү баллистикалык экспертиза тарабынан аныкталды. Мындан тышкары ушул эле тапанчадан Бишкектеги “ХО” оюн-зоок клубунун жанында болгон чатакта да ок атылганы ачык болду. Буга байланыштуу тапанчаны көтөрүп жүргөн Абдуфарид Расуловго кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. ИИМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар адамдарды иликтөө иштери да жүргүзүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG