Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Президент жаңы борбордук мечиттин курулушун колдоду

Мамлекет башчысы Курманбек Бакиев бүгүн кол койгон жардыкта өлкөнүн мусулман жарандарынын чогуу же ачык тартипте Кудайга сыйынуу, динге ишенүү жана диний ырым-жырымдарды аткарууга болгон муктаждыгын канааттандырган республиканын жаңы борбордук мечитин курууда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу жазылган. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына жаңы мечит куруу үчүн борбордун Жибек-Жолу көчөсүндө орун алган аянты үч жарым гектарды түзгөн имаратты жамаатташ жер участкасы менен 49 жылдык мөөнөткө белгиленген тартипте пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу да көрсөтүлгөн.(SA)
​
XS
SM
MD
LG