Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Президент Воронин Кишиневдогу башаламандык үчүн Румыния бийлигин айыптады


Молдованын президенти Владимир Воронин Кишиневдо орун алган башаламандык үчүн коңшу Румыниянын бийлигин айыптады. Расмий Кишинев ал өлкөдөн өз элчисин чакыртып алып, Румыниянын элчисинен 24 саат ичинде Молдовадан чыгып кетүүнү талап кылды. Румын бийлиги президент Ворониндин айыптоолорун четке кагып, аны “чагымчыл кадам” деп мүнөздөдү. Шейшембиде Кишиневдо нааразылык акцияларына чыккандар парламент жана президенттин имараттарына чабуул жасап, полиция менен кагылышта 100дөн ашуун адам жаракат алган. Демонстранттар парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп, аларды жараксыз деп табууну бийликтен талап кылган.

XS
SM
MD
LG